Белим бекчейе элек! Бишкекте 60 жаштан өткөндөр жарышка түштү. Сүрөттөр

Катышуучулар 500 жана 1000 метр аралыктагы эки дистанцияда чуркашкан
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бүгүн эртең менен борбор калаадагы Ботаникалык бакта 60 жаштан ашкан карылар чуркап жарышка чыгышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине марафондун уюштуруучулары кабарлады.

Жарышка 120 аксакал катышкан. Алар 500 жана 1000 метр аралыктагы эки дистанцияда чуркашкан.

1 / 2
Бүгүн эртең менен борбор калаадагы Ботаникалык бакта 60 жаштан ашкан карылар чуркап жарышка чыгышты.
2 / 2
Жарышка 120 аксакал катышкан. Алар 500 жана 1000 метр аралыктагы эки дистанцияда чуркашкан.

"Аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө топко бөлүнүп жарышты. Катышуучуларга атайын медалдар тагылып, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер берилди. Марага жеткендердин бардыгына сыйлыктар ыйгарылды", — деп айтылат маалыматта.

Карыларга арналган марафонду Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев уюштурган. Иш-чара борбор калаанын түштүк тарабындагы Ботаникалык бакта өткөрүлдү.