КСДП Атамбаевдин Апрель окуясын эскерүүгө келбей калышынын себебин айтты

Апрель окуясын эскерүүгө экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева чакырылганы кабарланган
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 2010-жылдын Элдик апрель революциясынын күнүнө арналган иш-чараларга эмне себептен катышпай жатканын КСДПнын катчылыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ президенттин маалымат кызматы Апрель окуясын эскерүүгө экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева чакырылганын кабарлаган. Бирок бүгүн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде элдик Апрель революциясынын курман болгон баатырларды эскерүүгө мурунку президенттерден Роза Отунбаева гана барган.

"Алмазбек Шаршенович бүгүн сыркоолоп калгандыктан, элдик революцияга карата өтүп жаткан иш-чараларга катыша албай калды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Атамбаев "Медиа форумдун" жанындагы "7-апрель баатырларынын атындагы скверге" гүл коюу аземине да келген жок. Андагы иш-чарага өкмөт башчы Сапар Исаков, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, ЖК төрагасынын орун басары Асель Кодуранова, Бишкек мэри Албек Ибраимов жана КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов катышкан.