Автомат менен таш көтөргөн адамдар. Сүрөттө калган Апрель окуялары

Sputnik

Жети жыл мурунку ыңкылап. Ак үй кантип алынган
Ал күнү Бишкектеги борбордук аянтта 77 адам көз жуумп, 400дөн ашуун киши жаракат алган. Кийин дагы бир топ адам каза болгон.

7-апрель республикада Апрель революциясынын күнү катары белгиленип, эс алуу күнү болуп саналат. Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхый окуялар кандайча болгонун сүрөт түрмөгүнөн көрүүнү сунуштайт.

1 / 18
Бардыгы ал кезде оппозициялык деп эсептелген КСДПнын штабы жайгашкан "Форум" имаратынын жанында башталган
2 / 18
2010-жылдын 7-апрелинде 400дөн ашуун киши жаракат алган. Бир топ адам кийинчерээк каза болду
3 / 18
"Ала-Тоо" аянтына жакындап келе жаткан эл
4 / 18
Жөнөкөй эл да, милиция да чоң жоготууларга учураган
5 / 18
Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылган унаадан калганы ушул болду
6 / 18
Революция күнү аянтта 77 киши көз жумган
7 / 18
7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү болуп саналат
8 / 18
Жалынга кабылган Башкы прокуратура
9 / 18
Ал күнү Бишкектин көп жеринде өрт чыкты
10 / 18
Түнгө чукул эл Өкмөт үйүн "алган"
11 / 18
Өкмөт үйү. 8-апрелдин таңы
12 / 18
Митингчилер тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевдин сүрөтүн жагууда
13 / 18
Башкы прокуратуранын арткы короосу. 8-апрель
14 / 18
Кичи мекениндеги Курманбек Бакиев
15 / 18
Бакиевдин тарапташтары митингге чыккан
16 / 18
Митингчилерди оппозиция өкүлдөрү аянттан кууп чыккан
17 / 18
Ал күнү каза тапкандардын баары 10-апрелде "Ата-Бейитке" коюлган
18 / 18
Бүгүнкү күндө Апрель революциясынан көз жумгандардын саны 123 кишиге жетти