"Ак кеме" повести тууралуу 10 факты. Айтматовду атылган бугунун сөөгү ойготуп...

Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повести жазуучунун даңкы жалпы дүйнөгө катуу тарап жаткан кезде жазылган жана анда миф менен азыркы адамдардын нравалык-моралдык сапаттары таразаланып, учурдун адептик-ыймандык курч проблемалары көтөрүлгөн.
Sputnik

Бүгүн жазуучунун советтик коомдун оорусун таамай аныктаган "Ак кеме" повести тууралуу 10 фактыны сунуштайбыз.

Повесттин жазылышы жана басылыш тарыхы. Чыгарма орус тилинде "После сказки" деген ат менен жазылган. "Новый мир" журналына кол жазманы алып барса, басылманын баш редактору Твардовский "Белый пароход" деген атты сунуш кылып, ошол атка кашаанын ичине "После сказки" кошулуу менен журналдын 1970-жылдын январь айындагы санына басылган. Жазуучу өзү чыгармага "После сказки" деген атты туура көрөрүн жана ошол аталыш менен китептерин да чыгарып келгенин билебиз.

Кыргызча котормосу аябай күттүргөн. Повестти кара сөздүн чебери Ашым Жакыпбеков кыргызчага которгон. Ошондо чыгарма жазуучунун эне тилинде жети жылдан соң гана 1978-жылы "Ала-Тоо" журналынын №12 санына жарыяланган. 

Неопубликованные "закулисные" фото — 40 лет фильму "Белый пароход"

Жарык көрөрү менен катуу сындарга кабылган "Ак кеме". Айтматовдун кадыр-баркына карабай чыгарма жарыяланары менен ага карата бир топ сын пикирлер айтылды. Повесттин тегерегинде "Литературная газетада" талкуу жүрүп кетти, жазуучу Владимир Солоухин "Сказки пишутся для храбрых" деген макаласын жумалыктын 1-июлдагы санына бастырса, казак жазуучусу Ануар Алимжанов бир жумадан кийинки санына эле "Трагедия в лесном кардоне" аттуу макаласын жарыялап жиберди. Алар повесттеги пессимисттик көз карашты, советтик коомду сынга алууну катуу айыпташты. Ошол талкууга бүгүн кайра кайрылсак, алардын айткандары ырас болуп чыгууда. Тилекке каршы, бул эки оппонент башкалар тарабынан "ташбараңга" алынганы менен турмуштун агымы кандайдыр бир даражада алардын ошондо көтөргөн маселелерин актап берди. Ырас эле, сүрөткер советтик системаны бала жашаган кардон менен символдоштуруп, келечеги жок система экендигин көрсөтүп берген экен. Анан албетте, ошол учурдагы адабиятты тескөөнүн советтик системасы жазуучуну кайра колуна калем кармоого мажбурлап, талкууну жыйынтыктаган макаласын жазууга көндүргөн сыяктанат. Ал макала "Литературная газетанын" 29-июлдагы санына "Необходимые уточнения" деген ат менен басылат да, талкуу шашылыш соңуна чыгарылат. Өз чыгармасы кызуу талкууланып жатса, аягында ошол жазуучу өзү жыйынтык чыгарып, "зарыл тактоолор" киргизүү фактысы балким дүйнөлүк адабиятта жападан жалгыз көрүнүштүр. Муну дүйнөгө таанылып калган жазуучунун көтөрүп чыккан проблемасынын ашкере курчтугунан улам чыгарма эл аралык өтө абройлуу сыйлыктарга, анын ичинде Нобель сыйлыгына илешип калбасын деген сактануудан улам совет адабиятынын башында турган партиялык цензура жасап койгон дешет айрымдар.

Эч ким күтпөгөн чыгарма. "Атадан калган туяк" аңгемеси тууралуу 8 факты
"Ак кеменин" доорду сындаган күчү. Повесттин орду канчалык деген суроо коюлса, биринчи кезекте анын башкы мааниси — тоталитардык доордо, жеке гана коммунисттик деп аталган партиянын саясатынын арааны ачылып турган чакта, жазуучуларды кыйла жагынан тушап келген социалисттик реализм адабияты "бышып" калган кезде ошол системаны сынга алып, анын "былыктарын" сууруп чыккандыгы менен баалуу. "Ак кеменин" каркасы баланын эки жомогунан тургузулган, анын бири — таятасынан уккан жомок, ал жомок туруш-турпаты, ар бир сүйлөмү, сөзү менен акыл-насаат айтуу, баланын ыйман дүйнөсүнө таасир этүү функциясын аткарат. Повестте жазуучу адегенде эле кадимки тоолук балдардын бирөөсү менен кездештирет: анын балалык романтикалык дүйнөсү, балалык таанып-билүүсү бар. Анан автор ушул балалыктын бейкапар дүйнөсүн сүрөттөп берип жатып, анын ата-энеси таштап кеткенин, таятасынын колунда тарбия алып жатканын көрсөтөт. Чыгарманы окуп бараткан кишиде бала тууралуу эки нерсе калат, бала эки жээкте турат, биринчиси — окурман катары биз балалыктын ажайып дүйнөсүнө кирип, баланын романтикасына кошулуп, анын "ээр ташын", "танке ташын" минебиз, китеп кабын колубузга алып, башыбыздан айлантып чыгабыз, чөптөр, булуттар менен сүйлөшөбүз, дүрбүсүн колунан алып Ак кемесин көргүбүз келет, чын эле ошол Ак кемеде атасы матрос экенине ишенип калабыз, балага окшоп балык-бала болгубуз келет. Биз да баланы сүйүп, бала менен жуурулушуп, ага кошулуп, жек көрсө жек көрүп, сүйгөн нерсесин сүйүп, кыскасы, бала менен бала болуп барабыз. Автор бизди ээрчитип алат, алты жашар бала кылып алат, анан ал (автор) эң чоң күчкө ээ болуп калат да, жогорудагы эки кесепеттен баланы чыгарбай, атайылап окурманга күчтүү таасир этиш үчүн баласын трагедиянын эң жогорку апогейине – Өлүмгө алып барат. Бала өлөт. Трагедия эстетикалык категория катары кыларын кылды, окурманды ыйлатты, ичин ачыштырды. Баланын романтикалуу жана жомок дүйнөсүнүн талкалануусу менен анын өмүрү тамам болуп, авансценадан ал өлүм табат. Бул — трагедия. Бирок ошол трагедия менен окурмандардын дүйнөсүндө чоң дүрбөлөң өтөт, кыянатчылыкка, жапайычылыкка, булганычтыкка, ыймансыздыкка, жаратылышты талоончулукка ж.б. жаман нерселерге каршы күрөшүүнүн куралын берет, эстетиканын тили менен айтканда, трагедия окурманда катарсис абалын жаратат.
Кадр из фильма "Белый пароход"

Символдор жана симметриялар. Чыгармада автор символдорду укмуш терең философиялык маани берүү менен колдонот. Мисалы, дүрбү – алысты жакын, жакынды алыс кылып көрсөтүүчү оптикалык прибор гана эмес, ал дүйнөнү таанып билүүнүн символу, китепкап – чоңоюнун, турмуштун ак-карасын ажыратып калуунун, билимдин символу, ак кеме – актыктын, тазалыктын, келечектин символу. Ар бир каарман өзү символ, булар жашаган жердин корук (кардон) болуп турушу да символ. Симметриялар жана гармониялар тууралуу сынчы Кеңешбек Асаналиев мындай айтат: кордондо жашагандар үч түтүн; үч короо; үч эркек; үч аял; кийин портфель сатылып алынгандан кийин Бала да үчөө болот: өзү, дүрбүсү, китеп кабы. Сюжет да үч күндүк окуя: портфель алынган күн; мүйүздүү эне келген күн; мүйүздүү эне өлгөн күн. Бул магиялык үчтүктөргө биз повестин курамындагы үч жомокту кошуп койсок да болот: Мүйүздүү Бугу-Эне тууралуу; Чыпалак бала тууралуу; Теңир-Тоо тууралуу жомоктор. Бала үчүн үч дүйнө бар: бири өзү жашап аткан Жер дүйнөсү; экинчиси – баланы дайыма кызыктарган, күндүз булуттар каалгып сүзүп жүргөн, түнү Ай жана жылдыздары менен өзүнө арбап алган Асман дүйнөсү; үчүнчүсү – өзү баргысы келген, балык болуп жүргүсү келген Суу дүйнөсү. 

Дүйнөлүк адабиятта учурабаган нерсе – башкы каармандын энчилүү аты жок. Аны жазуучу жөн гана Бала деп койгон. Муну менен Айтматов балдардын жалпыланган символикалык образын жараткан. Конкреттүү Акмат, Ташмат деп койгонго караганда жөн гана Бала болуп туруу автордук ойду тереңдетүүдө чоң мааниси ээ болгон. Аты уйкаш фильмде бир гана жолу ачуусу жана шаштысы келип калган Сабира Күмүшалиева Баланын ролун аткарган каармандын атын айтып, "Оо, Нургазы" деп чакырып жиберген учуру бар.

"Ак кеме" повестин жазууга түрткү болгон окуя. Айтматов анда борбордук газетанын өз кабарчысы катары иштеген кези экен, бир жолу иш сапар менен Соң-Көлгө барат да, келе жатканда булардын машинасына браконьерлер атып алган бугуну жүктөшөт. Ошону карап отуруп, катуу көңүлү калат да, ошондон чыгарманын түпкү түйүлдүгү пайда болот. 

Неопубликованные "закулисные" фото — 40 лет фильму "Белый пароход"

Бала дүйнөсү жана жомоктор. Бул чыгармада элдик башаттарга кайрылуу, жаратылышты сактоо үчүн адамдардын ыйманын сактоо (ыйман экологиясы) маселеси курч коюлган да, аны көрсөтүү үчүн адамдардын жана табияттын булгана элек, таза кезине "саякат жасалган". Мисалы, Мүйүздүү Бугу-Эне тууралуу уламыш бул Балага Момундун оозунан чыгат, тагыраагы Айтматов Момунга айттырат, эгер аны Орозкул, же Бекей, болбосо бекерчи Сейдакмат айтканда мындай чыкмак эмес, жазуучу өзү да автордук баяндоодо айтпайт, атайын Момунга айттырат. Элдик уламышты кайра иштеп чыгып, Момундун сөзү кылып элге жеткирет. Мындай караганда Мүйүздүү Бугу-Эне уламышы элдик чыгарма катары кылымдарды оодарып, акыры ушул калыбында бышат, анан жазуучу андан ары тереңдетет, ошондон соң гана Момунга өтөт. Момундан бала жана окурмандар – биз угабыз. Ал жомокто Майрык-Чаар-Жезкемпир "Булар деген адам баласы. Чоңоюп алып, өзүңдүн бугучаларыңа ок атат, ошону ойлодуңбу?" деп Бугу-Энеге айтса, ал: "Чоңойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт. Мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат. Анан кантип өз ага-карындаштарына жамандык санасын? " деп жооп берет. Чыгармадагы бүтүндөй идеянын жүрөгү жайгашкан бул баарлашууда адамзаттын тарыхына сарсанаа болуу да, энелик мээримдүүлүк да, адамга ишеним да, ишенбөөчүлүк да болгон менен барып келип кыргыз тукумун сактап калуу маселеси оң жагына чечилет. Аны үчүн Майрык-Чаар-Жезкемпирдин эскертүүлөрү: "чоңоюп алып, өзүңдүн бугучаларыңа ок атат"; "адамдар кайберен эмес, бирин бири аябайт"; "башка адамдар көрөр замат бул эки кичинекей адамды өлтүрүп салат"; "булардын да азабын тартып, сага эмне күч келди"; "жолдо өлсө, же каракчылар жайласа, же өздөрү чоңоюп алып, ак сүтүң унутуп, адамдык арамдыгына кетсе, өзүңөн көр". Бугу-Эненин максаты: "балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм"; "мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат"; "кыргыз тукуму курут болуп кетерде экөөң элдин атын өчүрбөй кайра тукум улансын" деп аман алып калуу; "укум-тукумуна мекен болсун" деп жерди теңирден сурап алуу. Бирок аягында Майрык-Чаар-Жезкемпирдин айтканы туура чыгат. Бала үчүн кыргызды сактап калган символдук энени – маралды жанындай жакшы көргөн таятасы өзү атат. Ошентип Момундун жомогу талкаланат, жомок менен кошо Момун өзү да моралдык жактан бала үчүн жок болот, адамдар экинчи жолу келген кутту кармай албай, байыркы жомоктогу Майрык-Чаар-Жезкемпир Бугу-Энени кийин ушундай болсо өзүңдөн көр деп эскерткендей өзүнөн көрчү абалга адамдардын ынсапсыздыгы, ыймансыздыгы, түп атасын унуткан аңкоолугу жеткирип, адам баласы кийинки муунун, ошол муундун өкүлү болгон баланы сактай албай, аны өлүмгө түртүп иет, бала жүрөгү болсо арамдык менен кыянатчылыкты кабыл албай, көктөгү чагылган сыяктуу жанып өтөт. Бала реалдуу турмушту эки гана көз менен: биринчисинде, өзүнө идеал тутуп алган жомоктун көзү менен; экинчисинде али турмушта кагылып-согула элек баланын, романтикалуу, таза, пакиза жеткинчектин көзү менен гана көрөт, аны үчүн үчүнчү көз – жалпы чоң адамдардын "көзү" жок, ошон үчүн трагедияга кабылат. Акыры Момун да жаңы шартка, жаңы адамдар чөйрөсүнө кызынын бактысы үчүн деп ыңгайлашып кетти, ал баланы ыймандуулар дүйнөсүндө жалгыз калтырып кетти. Бала жалгыз калды да, акырында "балык болуп кетти". Чыгарманын идеясы да ушунда: эски жомок менен тарбияланган бала жаңы цивилизацияга ылайык келбей калды, адамдар өз башатын унутуп, ааламдашуу жолунда адептик нормалардан чыгып кетти, акыры түбү анын кусуру ошол адамзаттын өзүн урат, ошол трагедияга кабылбоо үчүн адам баласы тазалануунун, рухий башаттарга кайрылуунун жолдорун издеши жана табышы керек болду. А кантип табышы керек, бул суроонун жообун жазуучу окурманынын ой жүгүртүүсүнө – Сизге жана Бизге калтырды. 

Неопубликованные "закулисные" фото — 40 лет фильму "Белый пароход"

"Ак кеме" — искусствонун башка формаларында. Повесттин негизинде Болот Шамшиев ушундай эле аталыштагы фильм тарткан. Айтматовдон "кайсы чыгармаңыздын экрандаштырылышы сиздин купулуңузга өзгөчө толот?" дегенде ушул кинону атаган учуру бар. Фильм аябай жолдуу болду. Бүтөрү менен эле 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Торонто (Италия) кинофестивалдарында баш байгени алса, 1978-жылы повесть, анын сценарийи жана жалпы фильм СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Бурят опера жана балет театрынын (композитор Сойников, балетмейстер Волкова) балети жана Кыргыз мамлекеттик опера балет театрынын (композитор Жумабаев, либератто Абдужалилов, Абдыгулов) балет-спектакли өз мезгилинин мыкты эмгектери катары искусство таануучулар тарабынан жогору бааланган. Дүйнөнүн өтө көп театрлары бул повесттин негизинде спектаклдерди элге тартуулаган. Алардын ичинен Ош кыргыз драма театрындагы (инценировкалаган жана режиссёр – Искен Рыскулов, Баланын ролунда – Райма Абдубачаева) спектакль элге көп жолу көрсөтүлгөн.

"Саманчынын жолу" повести жөнүндө 7 факты. Адамзаттын өлбөстүгү тууралуу гимн
"Аты жок балдардын" амандашуусу. Жазуучу бир жолу Пекиндеги мейманканага бир жигит коңгуроо кылып "мен ошол Сиз жазган "Ак кемедеги" аты жок баламын" дегенин айтып калчу. Дагы бир түрк ишкери "Сиздин "Ак кемеңиз" фильм болуп Түркия деңизинин боюнда кайра тартылса, мен бүт каражатын көтөрөр элем" дегенин, ал эми башка бир түрк жазуучусу Айтматовго жолукканда "Анадолудан Азияга "аты жок балдарды" окутуу үчүн мугалимдер кетишти" деп айткан. Ошентип "Ак кеме" менен "аты жок балдардын" сапары дүйнө кезип келет…