Абдил Сегизбаев кызматынан алынды

Сегизбаев УКМК жетекчилигине 2015-жылы келген
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаев жумуштан алынды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. 

Билдирүүдө Сегизбаев кызматтан кетүү боюнча өзү арыз жазганы айтылат.

Эскерте кетсек, ал аталган кызматка 2015-жылы келген.