УКМКнын жетекчи орун басары болуп Токтосун Сабыров дайындалды

Бул кызматты аркалап келген Дамир Мусакеев аптанын башында жумуштан кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) 9-кызматынын жетекчиси болуп Токтосун Сабыров дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын президенти кимди ишке дайындап, кимди иштен ала алат
Мындай буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

УКМКнын 9-кызматы президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин жана Жогорку соттун төрагалары өңдүү мамлекет жетекчилердин, стратегиялык маанидеги объектилердин коопсуздугуна жооп берет.

Сабыров 2010-жылга чейин Миграция кызматынын жетекчи орун басары болуп иштеп келгени белгилүү.

Эске салсак, бул кызматты аркалап келген Дамир Мусакеев аптанын башында жумуштан кеткен.