БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан улам Кыргызстанда он миңдеген жумуш орундары пайда болду. Бул туурасында экономика министри Артем Новиков журналисттерге билдирди.
Бейшембиде аталган фонддун отуруму өттү. Бул фонд Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин өлкөнүн экономикасын жаңылап, жакшыртып, көтөрүү максатында түзүлгөн. Россия берген каражат менен уставдык капитал 500 миллион долларды түзгөн.
"Социалдык-экономикалык жактан берген пайдасын айта турган болсок, түздөн-түз 2,5 миң жумушчу орун түзүлгөн. Ал эми кыйыр таасирин карап көрсөк, сандар бир топ көп, тагыраагы 60 миңге чамалап барат. Мисалга кызылчачылар менен фермерлерди алсак болот. Айтмакчы, өзүбүздүн кант заводдорунан чыккан продукция менен быйыл бүт Кыргызстанды камсыздай ала турган болдук", — деди Новиков.
Министр Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан улам экспорт менен салык төлөмдөрү көбөйгөнүн айтты. Фонд 2017-жылы 261 миллион долларлык 800 долбоорду колдоп берген.
Буга чейин Россия тарап Кыргызстанда иш алып барган Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун ишине нааразы экендигин билдирген.