Кыргызстанда чыккан маркадагы ката анын баасын 75 миң рублга көтөрдү

Марка 2016-жылы сүрөтчү Владимир Образцовдун 125 жылдыгына арналып чыгарылган
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Россиядагы "Мешок" интернет-аукционуна Кыргызстанда чыккан марка коюлду. Анын баштапкы баасы 75 миң рублди (1300 доллар) түздү.

2016-жылы чыккан маркага Владимир Образцовдун сүрөтү түшүрүлгөн. Ал искусство адамынын 125-жылдыгына арналып чыгарылган болчу.

"Образцовдун портретинин ордуна анын аты-жөнүнө окшош адамдын сүрөтү (азырынча ал ким экени белгисиз) коюлуп калган. Мындан улам марка Кыргызстанда сатыктан алынган", — деп маалыматта айтылат.

Ал эми аукционго 10 маркадан турган комплект коюлду.