Радио

Орозобекова: жаңы курулган мектептердин сапатына эч бир орган жооп бербейт

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институтунун Борбор Азия программасынын жетекчиси Чолпон Орозобекова жаңы курулуп жаткан мектептердин сапаты талапка ылайык эместигин айтты
Sputnik
Орозобекова: жаңы курулган мектептердин сапатына эч бир орган жооп бербейт

Жаңы курулган мектептердин сапатына эч бир орган жооп бербейт. Ушул убакка чейин эгемендүү Кыргызстанда бир да мындай учур катталган эмес. Бул тууралуу Чолпон Орозобекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мектепти курган компания болгону бир жыл жоопкерчиликти алат. Бул мөөнөттү узартуу зарыл.

"Жаңы курулушту кимдер кабыл алат? Маселе ушунда болууда. Кабыл алуу комиссиясы болгону төрт кишиден турат экен. Алар бат эле кабыл алып коюп, жыйынтыгында жоопкерчиликтин баары мектеп директоруна жүктөлүп жатат", — деди Орозобекова.

Ал учурда республика боюнча 2 222 мектеп болсо, анын 193ү авариялык абалда экенин кошумчалады.