Радио

Жумаканов: аянттагы гүлдү жулгандарга айып пул болгону 20 сом

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы Дамир Жумаканов шаарды көрктөндүрүүгө тигилген гүлдөрдү аёосуз майкандап кеткендер да боло тургандыгын айтты
Sputnik
Жумаканов: аянттагы гүлдү жулгандарга айып пул болгону 20 сом

Аянттагы гүлдөрдү жулгандарга айып пул болгону 20 сомдон башталат. Андыктан гүлдөрдү кордогондор көп болууда. Мындай пикирин Дамир Жумаканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жулуп эле албастан сындырып, тебелеп ойногон да жарандар кездешет

"Гүлдөр кышы бою күнөсканаларда өстүрүлөт. Ар бирине аяр мамиле жасап, биздин кызматкерлер отургузушат. Андан соң да багуу түйшүгү күч. Ошого карабай тебелеп, жулуп кеткендер болууда", — деди Жумаканов.

Ал жарандарды маданияттуу болууга чакырды.