Гемодиализ боюнча мыйзамсыз иштин чети чыкты. 76 млн. сом кайда кеткен?

Саламаттык сактоо министрлигинин адистери пайдасыз макулдашуу түзгөн деген күнөөлөнүүдө
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Башкы прокуратура өнөкөт бөйрөк оорусунан жабыркагандар боюнча мамлекеттик сатып алуулар мыйзам бузуу менен жүргүзүлгөн фактыны таап чыкты. Бул туурасында көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маанилүү кызматында отургандар 2015-жылдын май айынан тарта 2016-жылдын декабрына чейин гемодиализ процедуралары сатып алууларды жүргүзгөндө билип туруп жеке меджайлар менен пайдасыз келишимдерди түзгөн. Маалыматта мыйзамга ылайык келген тендер жана баалардын мониторинги жүргүзүлбөгөнү айтылат.

Гемодиализдеги балдар, "бөйрөгүмдү берем" деп карайлаган ата-эне...
Башкы прокуратурадан алдын ала эсептей келгенде, мунун кесепетинен мамлекетке 76 миллион сом көлөмүндөгү материалдык чыгым келтирилген деп айтышты.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304 жана ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн") 306-беренелери (өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) менен иш козголгон.

Кылмыш иши андан аркы иликтөөнү жүргүзүү үчүн тиешелүү тарапка өткөрүлгөн.

Мамлекеттик кызматтагылар мыйзамсыз келишим түзүп, акчаны сол чөнтөккө солоп жатса, меценат Исагалиев кезектегин Тез жардам унаасын Караколдогу ооруканага тапшырды.