Бишкектин окуучулары кайсы окуу жайга тапшыруу керектиги боюнча кеңеш алды

Борбор калаадагы гимназиянын жогорку класстагы окуучуларына Россиянын кайсы университеттерине тапшырса болору айтылды
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. SputnikBilim долбоорунун алкагында Бишкектин окуучулары менен "Единство" коомдук фондусунун адистери жолугушту.

Иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өттү.

1 / 2
SputnikBilim долбоорунун алкагында Бишкектин окуучулары менен "Единство" коомдук фондусунун адистери жолугушту
2 / 2
Окуучуларга "Единство" коомдук фондусунун жетекчисинин асситенти Лилия Постинко кеп-кеңеш берди.

№24 мектеп гимназиясынын 10-классынын окуучуларына өлкөдө кайсы кесиптерге талап күч экени жана кесипти кантип туура тандаса болору тууралуу кеңештер берилди.

Жогорку класстын окуучулары Россиянын кайсы университеттеринде чет элдик студенттер үчүн бюджеттик орундар бар экени жана кандай шарттардын негизинде окууга тапшырса болору жөнүндө маалымат алышты.

Окуучуларга "Единство" коомдук фондусунун жетекчисинин асситенти Лилия Постинко кеп-кеңеш берди.