Жээнбеков Түркиядан ары Бельгияга барат. Көтөрүлчү маселелер

Мамлекет башчы Евробиримдиктин жетекчиси менен жолугуп, андан соң Бельгия королу менен кезигери айтылууда
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Бельгиядагы Евробиримдик институтуна барат. Бул туурасында президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков журналисттерге билдирди.

Бельгия визити Түркияга жасалган эки күндүк расмий сапарынан кийин болмокчу.

Сыдыковдун айтымында, мамлекет башчысы Кыргызстан Евробиримдик менен буга чейинки болгон конструктивдүү диалогго өзгөчө маани берип, кызматташууну маанилүү деп билет.

Сооронбай Жээнбеков: үй-бүлөлүк же кландык башкарууга жол бербейм
Маалымат жыйында Жээнбековдун Евробиримдиктин жетекчиси менен жеке кызматташууну түзүүнү пландап жатканы маалым болду.

Брюсселлде Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташуусу боюнча жаңы макулдашуулардын түзүлүүсү талкууланат. Андан сырткары, Кыргызстандын приоритеттүү делген тармактарына инвестиция тартуу боюнча кеп болот.

Жээнбеков Евробиримдиктин чет элдик иштер, саясат коопсуздугу боюнча жогорку өкүлү Федерико Могерини менен жолугуат. Андан сырткары, Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер, Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск жана Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни менен да кезигет.

Бельгия королу менен жолугушуу болобу деген суроого Сыдыков сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.