Түркиядагы кыргызстандык студенттер маданият күнүн өткөрүштү

Мындай саамалык жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул ирет иш-чара чет элдиктерди III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырууга багытталды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Түркия мамлекетинин Кайсери шаарында окуган кыргыз студенттери "Кыргызстанды таанытуу күнү" деп аталган маданий иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу Кайсери шаарындагы "Кыргызстан студенттер биримдигинин" катчысы Нурмухамед Жумабеков билдирди.

1 / 2
Түркия мамлекетинин Кайсери шаарында окуган кыргыз студенттери "Кыргызстанды таанытуу күнү" деп аталган маданий иш-чарасын өткөрүштү
2 / 2
Иш-чарага Эржиес университетинин ректору, факультет декандары жана бир нече өлкөнүн студенттери катышты.

Иш-чарага Эржиес университетинин ректору, факультет декандары жана бир нече өлкөнүн студенттери катышты.

Жумабековдун айтымында, мындай саамалык жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул ирет иш-чара чет элдиктерди III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырууга багытталды.

"Эки саатттык программабызга 50дөн ашык өлкөнүн 500гө чукул студенттери күбө болду. Сырттагыларга маданиятыбызды таанытып, Көчмөндөр оюнуна тартканга аракеттер көрүлдү", — деди Жумабеков.

КРдин Түркиядагы элчилигинин расмий маалыматы боюнча аталган өлкөдө 19 миңдей кыргыз бар. Ал эми Түркиянын Кайсери шаарында 120га жакын кыргыз жарандары жашайт. Алардын 72си — лицейлерде, университеттерде билим алган окуучулар менен студенттер.