Студент университетте чыккан жалынды үйлөп өчүрүп, имаратты сактап калды

Интернет колдонуучулары университеттин жетекчилиги студенттин сессиясын жаап бериши керектигин айтышууда
Sputnik

Казань архитектура-курулуш университетинин студентинин күйүп кеткен электр зымдарын үйлөп өчүргөн учуру интернетте тараганын "Бизнес Online" сайты жазды.

Кыргыз чек арачылары үйүн өрт чалган өзбек жаранына жардам берди
Маалыматка ылайык, жалын окуу жайдын буфетинде тутанган.

Видеодо күйүп жаткан телевизордун зымын бир гана студент өчүрүүгө аракет кылып, калгандары карап турганын көрүүгө болот. Башында ал чыккан жалынды үйлөп өчүрүүгө аракет кылып, бирок андан майнап чыкпаганда кездеме менен чапкылаган. Акыры өчүргөндөн кийин башкалар өрт өчүрүүчү каражатты алып келишкен. Бактыга жараша, аны колдонууга туура келген эмес.

Бул видео социалдык тармакта катуу талкууга алынды. Айрым колдонуучулар окуу жайдын жетекчилиги студенттин сессиясын жаап бериши керектигин айтууда.