YouTube компаниясынын башкы кеңсесинде атышуу болду

Өлкөнүн укук коргоо органдары атышуунун террорчулукка тиешеси жок экенин айтышууда
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. YouTube компаниясынын башкы кеңсесиндеги атышууга шектелип жаткан аял жан таслим болгонун MSNBC телеканалы билдирди.

Буга чейин маалым болгондой кара кийим кийип жоолук салынган белгисиз аял YouTube компаниясынын башкы кеңсесинде ок чыгарганы кабарланган.

ABC телеканалынын билдиришинче, Стенфорд университетине 5 киши алып келинген. Сан-Францискодогу башкы госпиталга дагы кишилер жеткирилгенин CBS News телеканалы билдирди.

Азырынча окуянын толук чоо-жайы айтыла элек.

ABC телеканалы атышуунун террорчулукка эч кандай тиешеси жок экенин укук коргоо органдарындагы булагына таянуу менен жазды.