ТЭЦти модернизациялоо тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды

УКМК буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев камакка алынганын кабарлаган
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча топтун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалгандыгын УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КРдин Кылмыш жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алгагында колго түшүрүлгөн Бримкулов УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

"Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев камакка алынды
Ушул эле берене менен Бишкек ТЭЦинин, "Электр станцияларынын" жана Улуттук энергохолдингдин дагы башка кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

УКМК буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев камакка алынганын кабарлаган.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган

Мындан улам Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 316-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш ишин козгогон.