БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишмердигинин рейтинги чыкканын Мамлекеттик кадр кызматынын директор орун басары Калыбек Алышбаев маалымат жыйында билдирди.
Статс-катчы — бул жогорку административдик кызмат, андан жогору мекеменин жетекчиси, же орун басары гана болушу мүмкүн. Бирок алар саясий кызматкерлердин катарын толуктайт.
"21 мамлекеттик органдын статс-катчыларынын рейтинги төрт категория боюнча аныкталды", — деди Алышбаев.
"Рейтингдин жыйындыгында "мыкты" жана "жакшы" деген баа алган статс-катчылар класстык чин алууга көрсөтүлөт. Ошондой эле мыкты болгон статс-катчыларды эмгек маяна сеткасынын кийинки эки, ал эми "жакшы" аталгандарды бир коэффициентине өткөрүү сунушталат", — деди директордун орун басары.
Эң мыкты баа алган статс-катчылар (жогорудан төмөндү карай):
Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекетти кызматы;
Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
Сот департаменти;
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитети;
Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;
Мамлекеттик кадр кызматы;
Андан сырткары, сегиз мамлекеттик органдын статс-катчылары "жакшы" болсо, экөө "канааттандырлы"к, дагы бирөө "канааттандырарлык эмес" баа алган.