Иш сапарга үч киши менен кеткен өкмөт башчы. Жумабек Ибраимов тууралуу 7 факты

Мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов 19 жыл мурда, 4-апрелде көз жумган. Эмгек жолун слесарлыктан баштап премьер-министрликке чейин жеткен аткаминер быйыл көзү тирүү болгондо 74 жашка толмок.
Sputnik

Аскар Акаевдин жакын кеңешчиси болгон саясатчы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Нан комбинатында иштеген

Жумабек Ибраимов Улуу Ата Мекендик согуш каарын чачып турган мезгилдери, 1944-жылы 1-январда Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында туулган. Айылдагы мектепти аяктагандан кийин эмгек жолун айыл чарба техникаларынын кыймылдаткычын оңдоо боюнча слесардын жардамчысы болуп, андан кийин нан комбинатында иштеп баштаган. Андан соң Фрунзедеги политехникалык жогорку окуу жайын бүтүрүп, ошол ЖОЖдун машина куруу технологиясы кафедрасында мугалимдикти аркалаган. 

Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов

Заводдун 37 жаштагы директору

Болочоктогу көрүнүктүү мамлекеттик ишмер 1976-жылы Москвадагы курулуш институтуна стажировкага барат. Кайра Кыргызстанга келгенде аны Фрунзе атындагы айыл чарба техникаларын куруу заводунун жетекчилиги жумушка чакырат. Кийинки жылы эле Балыкчыдагы ири ишканага инженер болуп барып, ал жакта бир жумада эле конвейердин жаңы эскизин иштеп чыгып, өндүрүштү жакшыртып 37 жашында заводдун директору болгонго жетишкен. 

Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов

Кызматтык тепкич

Ибраимов кайсы кызматка дайындалбасын, иштин майын чыгара билген жетекчи болгонун анын замандаштары айтып келет. 1985-жылы Балыкчы шаардык элдик көзөмөл комитетинин төрагасы, андан соң ошол эле калаанын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп бекитилет. Үч жылдан кийин өлкөнүн компартиясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, андан соң Чүй облустук компартиянын экинчи катчысы болуп дайындалып, 1990-жылы Жогорку Советтин депутаттыгына шайланган. 

Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов

Алдыга талпынган…

Иш билги инсан союз кулап мамлекет каатчылыкка кептелгенде эл керегине жараган. 1990-жылдардын башында ага "Жанар" акционердик коомун, Фрунзе ЭВМ заводун жетектөө милдети жүктөлөт. Тажрыйбалуу адис карызга белчесинен батып, чыгашага учурап жаткан ишканалардын өндүрүшүн өзгөрткөн. Алсак, кезинде учактын борттук техникаларын даярдаган заводдо элге керектүү жабдууларды чыгарткан.  

Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов

Акаевдин көзүндө илинген Ибраимов

Чарбачыл жетекчи эгемендиктин алгачкы жылдарында президент Аскар Акаевдин көзүнө илинген. Өлкө башчы аны алгач борбор калаанын мэри кылып дайындап, андан кийин өзүнө жакындатып мамлекеттик катчы, кеңешчиси жана Жогорку Кеңеште ыйгарым укуктуу өкүлү кылып бекитет. Андан сырткары, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси кылган жайы бар. 

Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов

Үч адам менен чет өлкөгө сапарга чыккан премьер…

Барган жеринде иштин майын чыгара иштеген Жумабеков 1998-жылдын декабрь айында премьер-министр болгон. Ошол учурда бир топ шалаакы аткаминерлерди кызматтан айдоого кудурети жеткен. Замандаштары анын элдин акчасын кантип үнөмдөө керектигин иш жүзүндө көргөзгөнүн айтып келет. Ал өкмөт башчысы болуп турганда Германияга эконом класстагы учак менен жанына үч адамды ээрчитип иш сапарга барып, көпчүлүккө үлгү болгон. 

Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов

Төрт баланын атасы

Мамлекеттик ишмер жубайы менен үч уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Улуу баласы Ильяс "Манас" эл аралык аэропортунда иштесе, экинчиси Нурдин — Бишкек калаасындагы банктардын биринин маркетологу. Кичүү уулу Абакир — жеке ишкер. Ал эми кызы Назгүл эл аралык уюмда экономист. Жумабек Ибраимов Москвада операция болуп, Кыргызстанга кайтып келгенден кийин 55 жаш курагында онкологиялык оорудан улам көз жумган.