Кочкордун Кара-Сазындагы фотокапканга мадыл түшүп калды. Сүрөт

Жапайы мышык Кызыл китепке киргизилген
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Нарындын Кочкор районундагы Кара-Саз аймагына коюлган фотокапканга мадыл түшүп калды. Бул тууралуу NABU айлана-чөйрөнү коргоо уюму билдирди.

1 / 4
Нарындын Кочкор районундагы Кара-Саз аймагына коюлган фотокапканга мадыл түшүп калды
2 / 4
Мадыл — көбүнчө түн ичинде жүргөн жапайы мышык
3 / 4
Мадылдан тышкары сүрөткө карышкыр, түлкү, улар менен коен түшүп калган
4 / 4
Фотокапкан аталган аймакка 2017-жылдын аягында коюлган болчу.

Мадыл — көбүнчө түн ичинде жүргөн жапайы мышык. Кызыл китепке киргизилген жандык Нарын жана Сары-Чат аймактарын байырлайт. Кара-Саздан биринчи жолу кезиккен.

Мадылдан тышкары сүрөткө карышкыр, түлкү, улар менен коен түшүп калган. Фотокапкан аталган аймакка 2017-жылдын аягында коюлган болчу.

Буга чейин Таласта да тоо текенин этин жеп жаткан ак илбирс түшүп калган.