Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет этнограф Динара Молдокулованын жардамы менен эркектин эң керектүү буюму делген камчыга байланыштуу тыюуларды тизмектеп чыкты.
Камчыны үйгө сүйрөп кирбейт. Аны үйгө кирерде бүктөп кирип, чыгып баратканда бүктөп чыгат. Камчыны сүйрөп кирүү — душмандыктын белгиси катары сыпатталган. Ал эми үйдөн камчыны бүктөбөй чыгып кетүү нааразычылыкты билдирген.
Узак сапарга чыгууда камчыны колдон түшүрбөйт. Бул тыюу — кыргыздарда жамандыктын белгиси катары каралган. Мындай учурда камчынын ээси атынан түшүп ат жабдыгын өзү алыш керек. Эгерде андан мурун камчыга башка бирөөнүн колу тийип кетсе же алып берип койсо, анда камданган жолго аттанбай, үйдө калуусу керек деп эсептешкен. Эгер кимдир бирөө жолдон камчы таап алса анын жолу болот, иши оңолот деп божомолдошкон.
Камчы менен бирөөнү урбайт, тап бербейт. Эл арасында камчынын анты бар деп айтылып жүрөт. Андыктан камчы менен бирөөнү чаап же сабаган таптакыр туура эмес.
Камчыны аттабайт. Аны эркек киши аттаса кубаты кетет деп айтылып жүрөт. Бул буюмду аял киши да көп кармабайт.
Камчыны ээсинен башка бөлөк бирөө албайт. Ат жабдыгы катары эсептелген камчыны ата-бабалар ар бир үйдө, өзгөчө эркек адам жок үй-бүлөнүн төрүндө дайыма илинип турушу керек деп эсептешкен.