Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путиндин Анкарага болгон сапары маалында сүрөткө түшүү учурунда Путиндин жанында турган кызды "сурап жанынан чакырганын" РИА Новости агенттиги "Звезда" телеканалына таянуу менен билдирди.
Путин шайлоодон кийин чет жакка болгон сапарын Түркиядан баштады. Ал эки күнгө созулмакчы.
Путин Эрдоган менен жолуккандан кийин берген маалымат жыйында Россия менен Түркиянын мамилеси жакшы жолго коюлганын, "Аккую" атом электрстанциясы менен "Түрк агымы" долбоорлорун үзгүлтүккө учурата турчу чагымчылдык жана терс факторлор жок экенин белгиледи.
Ал эми Эрдоган Путин шайлоодон кийин чет элдик сапарын Түркиядан баштаганы Анкара менен Москванын мамилесинин жогорку деңгээлин тастыктап турганын айтты.