"Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев камакка алынды

Узак Кыдырбаев УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги аварияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КРдин Кылмыш жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) менен Бишкек ТЭЦинин, "Электр станцияларынын" жана Улуттук энергохолдингдин дагы башка кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Коррупцияга шектелип кармалган Кубанычбек Кумашов иштен алынды
Ушул эле иштин алкагында Узак Кыдырбаев 3-апрель күнү колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган.

Мындан улам Башкы прокуратура Кылмыш жана жаза кодексинин 316-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш ишин козгогон.

Иликтөө иштери уланууда.

Узак Кыдырбаев "Электр станциялары" ишканасынын жетекчилигине 2017-жылдын 3-июлунда, ТЭЦ модернизацияланып бүткөндөн кийин дайындалган.