УКМКнын жетекчи орун басары Дамир Мусакеев кызматтан алынды

Мусакеев кезегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болгон
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн жетекчиси Дамир Мусакеев кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Начальник 9-й службы ГКНБ Дамир Мусакеев

Ага ылайык, Мусакеев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Жээнбеков сот Оморованы кызматтан алды. Ал мурда Zanoza.kg боюнча чечим чыгарган
Мусакеев УКМКнын 9-кызматына 2016-жылы 1-июнда дайындалган. Ага чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы болгон.

УКМКнын 9-кызматы президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин жана Жогорку Соттун төрагалары өңдүү мамлекет жетекчилердин, стратегиялык маанидеги объектилердин коопсуздугуна жооп берет.