Centerra компаниясынын директору Исаковго "Кумтор" боюнча отчет берди

Чалгындоо иштерине 2012-жылдан бери акча сарпталбаганын Centerra Gold Inc компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри айтты
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Премьер Сапар Исаков Centerra Gold Inc компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукканын өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Исаков Кыргызстан менен Centerra Gold Inc компаниясы 2017-жылы 11-сентябрда кол коюлган стратегиялык келишимдин шарттары кадам-кадамы менен аткарып жатканын белгиледи.

Өкмөт "Кумтөрдүн" акчасына Кыргызстандын экологиясын коргой турган фонд түптөдү
Скот Перри КР өкмөтү тарабынан Кумтөр кениндеги экологиялык абалды жакшыртуу үчүн тартылган AMEC компаниясынын берген бардык сунуштарын аткаруу үчүн Centerra Gold Inc тарабынан чоң иштер жасалганын айтты.

Белгилей кетсек, жаңы келишим боюнча жыл сайын алына турчу экологиялык төлөм 310 миң доллардан 3 миллион долларга көбөйтүлгөн.

Премьер-министр ошондой эле кенди казуунун мөөнөтүн узартуу маселесине да токтолду. Анткени расмий документтер боюнча кен 8-10 жылдай гана иштейт.

Өз кезегинде Скот Перри компания геологиялык чалгындоо үчүн кошумча инвестиция катары 25 миллион доллар салууга ниети бар экенин айтты.

"КР өкмөтү менен компаниянын ортосунда пикир келишпестиктер болгондуктан компания 2012-жылдан тарта геологиялык чалгындоо иштерине каражат сарптаган эмес. Жаңы келишимге кол коюлгандан кийин геологиялык чалгындоого инвестиция салуу чечимин кабыл алдык", — деди Перри.

Кен казуудан IT тармагына "секирген" инвестор. MegaCom операторун ким сатып алмакчы?
Ал ошондой эле компаниянын жогорку курамдагы жетекчилери алмашканын айтып, башкаруучулуктагы беш кишинин үчөө Кыргызстандын жараны экенин кошумчалады.

Өкмөт башчы минералдык-сырье базасын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, учурда "Кыргызалтын" ААКсы менен биргеликте кендин аймагынан тышкаркы жердеги иштерди жүргүзүү боюнча тең укуктуу жаңы ишкана түзүү каралып жатканын билдирди.