Бишкекте билим берүү боюнча ар тараптуу фестиваль өтөт

Фестиваль эки күн — 20-апрелде жана 19-майда болот
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жыл сайын өтүп келген билим берүү фестивалы өтөт. Бул туурасында Роза Отунбаева атындагы эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Бул иш-чара "Кыргызстандагы маданий көп түрдүүлүк: досторума конокко барам" деген ат менен өтөт.

"Кыргызстанда 80ден ашык этностун өкүлдөрү жашагандыктан, маданияты өтө бай, салт-санаалар арбын, тилдер көп. Бул өлкөбүздү алдыга сүрөп турган, кыймылдатуучу күч. Биз глобалдашкан дүйнөдөбүз, Кыргызстанда чет элдик бир топ студенттер жашап, билим алышат. Бир топ чет элдик жарандар эмгектенип, күн кечирип келет. Андыктан, Кыргызстандын жашоочулары бири-биринин маданиятын билип жана урматташы керек. Бул андан ары өнүгүүгө жакшы өбөлгө болот", — деп айтылган фонду тараткан маалыматта.

Фестиваль эки күн — 20-апрелде жана 19-майда болот.

Жан дүйнөнү байыткан сүрөттөр. Көркөм галереяны аралай...
Анда ЖОЖдор студенттеринин арасындагы турнирдик дебаттар, Бишкек калаасынын мектептеринин парламенттеринин лидерлери үчүн интерактивдүү-лекциялар, англис тилинин мугалимдери үчүн тилди үйрөтүүнүн жаңы, өзгөчө ыкмалары үйрөтүлөт.

Мындан сырткары, улуттук жана спорттук оюндар боюнча мелдеш, дүйнө маданиятын үйрөнүү жана башка темадагы жарманкелер уюштурулат.