Акырындап чалуулардын баары интернет аркылуу жүргүзүлүп калат. Бул тууралуу Медербек Мукарамов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, уюлдук операторлордо чалуулар, SMS, MMS бизнеси кескин төмөндөп жатат.
"Азыркы кезде Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө чалуу кызматтары азайып баратат. Келечекте уюлдук операторлор өздөрү чыгарган тиркемелер менен чалуулардын баары интернет аркылуу болуп калат", — деди менеджер.
Ал мамлекет жыштыктарды көбөйтсө интернеттин сапаты жогурулай тургандыгын кошумчалады.