Радио

Иргашев: чет өлкөдө окуй турган студенттерди көз карандысыз коммисия тандайт

Агрардык университеттин биринчи проректору, профессор Алмазбек Иргашев тандоого окуу жайдын бир да кызматкери катышпай тургандыгын айтты
Sputnik
Иргашев: чет өлкөдө окуй турган студенттерди көз карандысыз коммисия тандайт

Чет өлкөдө окуй турган студенттерди көз карандысыз коммисия тандайт. Бул тууралуу Алмазбек Иргашев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, студенттер 1-3 жылга чейин башка өлкөдөн окуп келишет.

"Чет өлкөдөгү окуу жайлардын гранттарына тандоо жүрүп жатканда биздин окуу жай кийлигишпейт. Тандоону көз карандысыз комиссия жүргүзөт. Алгач каалоочулардын тизмеси түзүлөт. Ар бири менен көз карандысыз комиссия интернет аркылуу сүйлөшүп, тандап алат", — деди Иргашев.

Ал чет өлкөгө окуганы кеткендердин 90 пайызы билим алган соң кайра кайтып келип жаткандыгын кошумчалады.