Шаршемби күнүнө карата аба ырайы

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй өрөөнүндө 14 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө аймагында күн ачык болоорун Кыргызгидромет билдирди.

Апрелге карата газдын наркы аныкталды
Ага ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө күн 18…23 градуска жылыса, Таласта 17…22 градус жылуу болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткенде термометр 20…25 градусту көрсөтөт. Ысык-Көл менен Нарында 16…17 градус жылуу болушу ыктымал.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы 22…24 градус болот.