БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган видеоконференция тартибинде "Аккую" атом электр станциясынын биринчи энергоблоктун пайдубалына бетон куюу үчүн команда берди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Бүгүн Путин Анкарага Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен эки күндүк сапарга барды.
"Станция биздин өлкөнүн электр кубатына болгон муктаждыктын 10 пайызын камсыздайт. Бул таптаза энергия. Биздин энергетикалык коопсуздукту коргоп, климаттын өзгөрүүсүндө маанилүү роль ойнойт", — деди Эрдоган.
Эки мамлекет башчылары тең долбоорду 2023-жылы ишке ашырып, анын иштешине катышууга болгон күч-кубаттарын жумшаарын айтышты.
"Кымбаттуу достор, биздин алдыбызда чоң милдет турат. Ал энергоблокту 2023-жылы, Түркиянын негизделгендигинин 100 жылдыгына карата ишке киргизүү. Биз, менин кымбаттуу досум Режеп Эрдоган менен бул милдетти ишке ашыруу үчүн болгон күч-кубатты жумшаарыбызды сүйлөштүк", — деди Путин.
Өкмөт аралык келишимдин негизинде, 51 пайыздан кем эмес акция россиялык компанияларга таандык болсо, калганы сырткы инвестролорго сатышылы мүмкүн.
"Аккую" АЭСинин долбоорунда россиялык "3+" муунундагы реактордук ВВЭР-1200 кирет, булар коопсуздук боюнча жогорку стандарттарга туура келери айтылган. Ар бир энергоблоктун кубаттуулугу 1200 МВт., ал эми долбоордун наркы 20 миллиард долларды чапчыйт.