Маршрутка машакаты: ишке чыкпай койгон айдоочулар эмнеден коркуп жатат?

Шейшемби күнү маршруттук каттамга айдоочулардын 90 пайызы чыкты
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Ушуп тапта Бишкекте маршруткалардын 90 пайызы ишке чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Атыканов кабарлады.

Анын айтымында, калган 10 пайыз айдоочулар унаасы үчүн коркуп жатышат.

"Бүгүн бардык маршруттар каттамга чыгышты. Болгону айрымдарынан бир нечеден айдоочу чыкпай койду. Алар эмне болуп кетээр экен деп бүгүнкү кырдаалды байкап жаткандар. Анткени кечээ каттамга чыккандардын унааларын талкалап жатышыптыр деп коркутуп коюшуптур. Алар өздөрүнүн унаасы үчүн чочулап жатышат", — деди Атыканов.

УКМК маршрутка айдоочуларынын иш таштоо жагдайын иликтөөдө
Ал кошумчалагандай, кечээ кечке чейин ар бир бригадир жана айдоочу менен шаар мэриясынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Эске салсак, бүгүн эртең менен шаар тургундары Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram тайпасына Бишкекте айрым маршруттар гана эл ташып жатканын жазышкан.

Баса, кадимки күндөрү калаада күнүнө 2700дөн ашык кичи автобус 122 каттам боюнча иштеп келет.