Радио

Мадумаров: саясатта кыргыз жигиттерине караганда айымдар туруктуу

Саясий ишмер Адахан Мадумаров жергиликтүү кеңештерде айымдарга 30 пайыздык квота берүү демилгесине каршы экендигин айтты
Sputnik
Мадумаров: саясатта кыргыз жигиттерине караганда айымдар туруктуу

Саясатта кыргыз жигиттерине караганда айымдар туруктуу. Бул тууралуу Адахан Мадумаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева тарабынан жергиликтүү кеңештерде айымдарга 30 пайыздык квота берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

"Эркектердин акылы жетпеген көптөгөн маселелерди аялдар чечип келген. Андыктан 30 пайыздык квота деген кемсинтүү. Мүмкүн айрым жерлерде аялдар 70 пайызды түзүп калаар? Бүгүнкү күндө саясаттагы кыргыз жигиттерине караганда айымдар туруктуу болуп жатпайбы. Жигиттер ойноок болуп бүттү. Кадыр-барк деген калбады", — деди Мадумаров.

Ал депутаттын демилгесине кошулбай тургандыгын баса белгиледи.