Кыргыз-тажик чек арасында абал турукташты, Халмурзаев сүйлөшүү жүргүзүүдө

Бүгүн, 3-апрелде түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасында коңшулаш жашаган эки элдин тургундары чырдаша кетип бири-бирин ташка алган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынчып, чогулган эл тарады. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Чыр-чатак Баткендин Үч-Дөбө айылынын жашоочулары менен  Тажикстандын Исфара районунун Хожалы айылынын жашоочуларынын  ортосунда чыккан. Бул аймакта үйлөр шахмат түрүндө жайгашкан. Бир үй кыргыз жаранына тиешелүү болсо, бир үй тажик жаранынын үйү. Кыргыз жараны имарат куруу үчүн пайдубал түптөй баштаган.  Ага каршы болгон тажик кошунасынын ортосунда чыр чыккан", – деп айтып беришкен маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-апрелде түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасында коңшулаш жашаган эки элдин тургундары чырдаша кетип бири-бирин ташка алган. Окуя болгон жерге өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев, аким, айыл өкмөт башчылары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барган.

"Учурда абал тынч, эл тарады. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жеринде милиция кызматкерлери көзөмөл кылууда. Облус жетекчиси Тажикстандын Сохди облусунун башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ал эми Исфара районунун акими, чек арачылары менен жолугуп, азыркы тапта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Чыр чек арасы тактала элек аймактан чыккан. Ал жерде Кыргызстан тарабынан Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Дөбө айылы, Тажикстан тарабынан Исфара районунун Хожалы айылы чектешет.