Коррупцияга шектелип кармалган Кубанычбек Кумашов иштен алынды

Аталган кызматтын төрага орун басары кызматтан кетип, анын ордуна Замирбек Чекирбаев дайындалды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашов кызматынан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эмне деген акча! Түп — Кеген жолун курууда 51 млн. сом жок болуп кеткен
Ага ылайык, тийиштүү буйрукка премьер Сапар Исаков кол койгон.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Кумашов кызматтан кетүү боюнча арызды өзү жазган.

Мындан мурдараак Кумашов коррупцияга шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Ал 217 миллион сомду уурдоо боюнча ишке байланыштуу колго түшкөн.

Ал эми өкмөт башчынын башка буйругу менен Кумашовдун ордуна Замирбек Чекирбаев дайындалды.