Бишкектеги унаа тыгындарынын асмандан көрүнүшү. Сүрөттөр

3-апрель күнү жумушка маршрутка айдоочулардын бир бөлүгү гана чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкектеги маршрутка 2-апрель күнү иштебей койгондуктан, шаар тургундары үчүн бир топ ыңгайсыздыктар жаралган.

1 / 3
Бишкектеги маршрутка 2-апрель күнү иштебей койгондуктан, шаар тургундары үчүн бир топ ыңгайсыздыктар жаралган
2 / 3
Аялдамаларда ондогон адам чогулуп, коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү батыра албай калган
3 / 3
Мындан тышкары, шаар боюнча жол тыгындары болуп атты

Аялдамаларда ондогон адам чогулуп, коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү батыра албай калган. Мындан тышкары, шаар боюнча жол тыгындары болуп атты.

Себептерин Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт жана жолдор министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Талант Садакбаев түшүндүрүп берген.

"Биринчиден, жол жээгине жүргүнчү ала кетем деп токтогон унаалар себеп болууда. Анткени коомдук транспорттун жоктугунан пайдаланып такси катары иштей калалы деген жарандар көп. Алар жүргүнчүлөрдү жол боюнда күтүп, башка айдоочуларга тоскоол болууда", — деди Садакбаев.

Ошондой эле ал жолдордогу башаламандыкка жеңил унаалардын шаарга көп чыгышы себеп болгонун кошумчалаган.

Айдоочулардын иш таштоосуна байланыштуу шаардагы абал кандай болуп жатканын тексттик трансляциядан билсеңиз болот.