Антальяда жоголгон кыргызстандык келин 12 күндөн кийин байланышка чыкты

Келин өспүрүм балдарын ата-энесине таштап Түркияга иш издеп кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Түркиянын Анталья шаарында жоголуп кеткен кыргызстандык Альбина Шаршенбек байланышка чыкканын Haberler.com түрк басылмасы жазып чыкты.

Буга чейин ЖМКларга Антальяга иш издеп келген 26 жаштагы кыргызстандык келин изделип жатканы боюнча маалымат тараган. Анын туугандары "Антальядагы куткаруу платформасы" коомдук уюмуна кайрылып, Альбина 12 күндөн бери байланышка чыкпай жатканын маалымдашкан.

Басылманын маалыматына караганда, келиндин изделип жатканы тууралуу билдирүүнү жумуш берүүчү социалдык тармактан көрүп калган.

"Жетекчим мени издеп жатышканы тууралуу айтып калды, ошол замат жоголгондугум тууралуу маалымат тараткан коомдук уюмдун администратору менен байланыштым. Уюлдук аппаратыма байланышкан көйгөйдөн улам үйдөгүлөр менен сүйлөшө албай жаткам", — деп келин басылмага билдирген.

Ошондой эле маалыматта келин өспүрүм балдарын ата-энесине таштап Түркияга иш издеп келгенин белгилеген.