Радио

Ахматова: "Ала-Тоо" ресторанына 25 миң сом айып пул салынды

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүм башчысы Айнура Ахматова аталган ресторан буга чейин санитардык жактан бардык талаптарга жооп берип келгендигин айтты
Sputnik
Ахматова: "Ала-Тоо" ресторанына 25 миң сом айып пул салынды

"Ала-Тоо" ресторанына элдин массалык уулануусунан улам 25 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Айнура Ахматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коомдук тамактануучу жайлар пландык негизде бир жылда эки жолу текшерилет.

"Учурда ресторан жабылды. териштирүү иштери аяктаганга чейин иш-аракеттер токтотулуп, жооптуу адамдарга 25 миң сом айып пул салынды", — деди Ахматова.

Ал бул окуя башка кафе, ресторандарга сабак болгондугун кошумчалады.