Радио

Бекиева: "Ала-Тоо" ресторанына алып келинген эт талапка жооп берет

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш бөлүмүнүн санитардык дарыгери Дилбар Бекиева аталган компания тамак-аш Россиядан алып келинерин айтты
Sputnik
Бекиева: "Ала-Тоо" ресторанына алып келинген эт талапка жооп берет

"Ала-Тоо" ресторанына алып келинген эт талапка жооп берет. Бул тууралуу Дилбар Бекиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эттин талапка жооп бергенин тастыктаган сертификаттары толугу менен бар.

"Ала-Тоо" ресторанына балык жана тоок этин "ОсОО Вилби" компаниясы алып келет экен. Текшерүү учурунда алып келинген тамак-аштын талаптарга жооп бергенин далилдеген сертификаттары толугу менен бар болуп чыкты", — деди Бекиева.

Ал жапырт уулануунун бирден бир себеби аба-ырайынын туруксуздугу болушу мүмкүн экенин кошумчалады.