Депутат Дастан Бекешев 60 жаштан ашкандар үчүн марафон уюштурууда

Марафон 7-апрель күнү 09:00дө Ботаникалык бакта башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев борбор калаада карылар үчүн марафон уюштурат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, марафонго өлкөнүн 60 жаштан ашкан гана тургундары катыша алат.

"Катышуучуларга 500 жана 1000 метрге чуркоо боюнча эки дистанция берилет. Марага жеткендердин бардыгына сыйлыктар ыйгарылат. Ал эми жеңүүчүлөр баалуу белек жана медалдар менен сыйланат", — деп жазылат маалыматта.

Марафон 7-апрель күнү 09:00дө Ботаникалык бакта башталат.

Байланыш телефондору: 0312 434416, 0555 434416