Радио

Жылкыбаев: Ысык-Көлдө обладминистрацияга караган бир да пансионат жок

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев көл аймагындагы мамлекеттик эс алуучу жайларды башкарууда бюрократтык аракеттер көп экендигин билдирди
Sputnik
Жылкыбаев: Ысык-Көлдө обладминистрацияга караган бир да пансионат жок

Ысык-Көлдө обладминистрацияга караган бир да пансионат жок. Алардын бардыгы министрликтерге, профсоюздарга таандык. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик эс алуучу жайлар мунун айынан финансылык маселелерин чечүүдө бир топ кыйынчылыктарга дуушар болууда.

"Ар бир пансионат же санаторий министрликтерге карайт. Ал ден соолукту чыңдоочу же эс алуучу жайдын чарбалык маселелерин чечүүдө кредит алып же башка бир кадамдарды жасоо үчүн ошол министрликтен уруксат алышы керек болот. Ошентип бюрократия пайда болууда. Бул жайларды өздүк башкарууга өткөрсөк, тейлөө сапаты да жакшырмак. Учурда Ысык-Көл облустук башкаруу администрациясынын карамагында бир да эс алуучу жай жок", — деди Жылкыбаев.

Ал каражаттан кыйналган санаторий, пансионаттарды жеке менчикке өткөрүп берүү менен көйгөйдөн арылса болорун кошумчалады