"Ала-Тоо" ресторанындагы жапырт уулануу боюнча кылмыш иши козголду

Тойго Кыргызстандын ар бурчунан конок келген
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанындагы жапырт уулануу боюнча кылмыш иши козголгонун шаардык милиция билдирди.

Казакстанда 61 адам балмуздакка ууланды, үчөөнүн абалы оор
Эскерте кетсек, 31-март күнү аталган жайда үйлөнүү тою өтүп, ага коноктун 151и ууланып ооруканага түшкөнү айтылган. Тойго Ысык-Көл, Нарын жана Ош облусунан 190дой мейман келген. Жабыркагандар балык жана тоок этине ууланганы божомолдонууда.

Милициянын маалыматына ылайык, иш Кылмыш жаза кодексинин 256 (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) жана 258-беренелери (коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү же сатуу, кызмат көрсөтүү) боюнча козголду.

ШИИБ экспертизалардын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин белгиледи.