Рязандагы жол кырсыгынан жабыркаган 8 кишинин үчөө оор абалда

Алдын ала маалымат боюнча айдоочу ылдамдыгын көбөйтүп жиберип, рулга ээ боло албай калган да карагайды сүзгөн
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россиянын Рязань облусунда жол кырсыгына кабылган сегиз кыргызстандыктын үчөө оор абалда. Бул тууралуу РФ ИИМинин аймак боюнча башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Александр Поташов билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

Эскерте кетсек, окуя 1-апрель күнү М-5 трассасынын 377-чакырымында болгон. КР номерлери тагылган Honda үлгүсүндөгү унаа Мордовиядан Москваны көздөй келе жаткан.

"Ушу тапта жабырлануучулардын баары ооруканага жеткирилди. Үчөөнүн абалы оор", — деди Поташов.

Анын айтымында, кырсык болгон жерге полиция кызматкерлери биринчилерден болуп келип, алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу ылдамдыгын көбөйтүп жиберип, рулга ээ боло албай карагайды сүзгөн.