БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Ошто милиция кызматкерлери кош бойлуу келинди беш сааттан ашык кыйнаган деп айыпталууда. Ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы көзөмөлдөй баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өткөн жылдын март айында Н.Р. аттуу келинди укук коргоочулар милициянын "Ак-Буура" шаардык бөлүмүнө алып барып мыйзамсыз негизде 5,5 саат (00.00дөн 05.30га чейин) кармашкан.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө комплекстик соттук-медициналык жана психологиялык, психиатриялык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы боюнча арыздануучу милиция кызматкерлери тарабынан моралдык жактан кыйноого алынган.
"Келиндин психикалык саламаттыгына залака келтирилгени үчүн боюнан түшүп калган. Учурда ал депрессиялык абалда", — деп Башкы прокуратурадан билдиришти.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 305-1 (топ адамдардын кош бойлуу аялды кыйнашы) жана 125-беренелери (кош бойлуу аялды мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратуу) боюнча кылмыш иши козголду.