Бишкектин "Орто-Сай" базарында контейнерден өрт чыкты

Аталган базрага эки өрт өчүрүүчү унаасы чыгып кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаанын “Орто-Сай” базарында бир контейнерден өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

1 / 3
Борбор калаанын “Орто-Сай” базарында бир контейнерден өрт чыкты
2 / 3
Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан “Орто-Сай” базарында контейнер күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн
3 / 3
Өрт чектөөгө алынып, толугу менен саат 22.18де өчүрүгөн.

Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан “Орто-Сай” базарында контейнер күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 21.48де эки унаа чыгып кеткен. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кырсык болгон жерге барганда өрт өчүрүлүп бүткөн. Ал контейнердин ичиндеги бир аз товарлар күйгөнүн кабарлады. Өрт чектөөгө алынып, толугу менен саат 22.18де өчүрүгөн.