Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсон беттешпей турган болду

Америкалык мушкер бутунан жаракат алып, беттешке чыкпай тургандыгын Instagram баракчасына жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда титулдук беттеш өтпөй турган болду. Бул тууралуу UFC уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Фергюсон бутунан жаракат алып, беттешке чыкпай тургандыгын Instagram баракчасына жазган.

Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеши UFC 223 турнириндеги башкы беттеш болчу. Эми Фергюсондун ордуна Макс Холлоуэй чыкмай болду.

Нурмагомедов октагондо Фергюсон менен 2017-жылдын 5-мартында эле күч сынашышы керек эле. Бирок россиялык мушкер салмак куугандыктан ден соолугу начарлап кетип, турнир өтпөй калган.