БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурлан Сулаймановго карата козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 2016-жылы эле токтотулганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, экс-депутат транспорт жана байланыш министри болуп турганда Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренеси (Мамлекеттик сатып алууда өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол коюу) боюнча кылмыш иши козголгон.
"2014-жылы 22-апрелде Сулаймановга карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен аны камакка алуу чечими чыгарылып, издөөгө алынган", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 2016-жылы 26-сентябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.