Автобус менен троллейбуска шыкалган эл. Жагдайдын асмандан көрүнүшү

2-апрелде Бишкектеги дээрлик маршрутка айдоочулары иш таштап, каттамга чыккан жок
Sputnik

Таң эрте маршруткалар каттамга чыкпай, эл жумушка, бара турчу жерине кечигип барды.

Каалаган жерден токтоп, киши алам! Маршрутка айдоочулары талаптарын айтышты
Эске салсак, маршрутка айдоочулары 1-апрелден баштап киргизилген милдеттүү камсыздандыруу боюнча нааразычылыгын билдирип жатышат.

Камсыздандыруунун бир орун үчүн жылдык баасы — 136 сом. Эгер унаа шаарлар аралык каттамдарды аткарса — 204 сом.

Ушу тапта маршрутка айдоочуларынын иш таштоосуна байланыштуу абал кандай болуп жатканына тексттик трансляциядан көз салып турсаңыз болот.