Радио

Өмүрбекова: окуу жайларга көз карандысыз тестирлөө системасын киргизебиз

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова аталган тестирлөө жогорку окуу жайларда коррупцияга бөгөт коет деген ойдо
Sputnik
Өмүрбекова: окуу жайларга көз карандысыз тестирлөө системасын киргизебиз

Окуу жайларга көз карандысыз тестирлөө системасын киргизүү сунушталып жатканын депутат Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган демилгени камтыган мыйзам долбоору сунушталууда.

"Бүгүнкү күндө студенттердин билими жакшы болбой жатат. Сурамжылоо учурунда коррупция бар экенин бардык эле студенттер айтышууда. Ушундан улам билим берүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатабыз. Ага ылайык, көз карандысыз тестирлөө системасы ишке кирет. Студенттер бүтүп жатканда практикалык жана теориялык тест тапшырат. Эң негизгиси — экзаменди окуткан мугалимдери эмес, көз карандасыз адистер алат", — деди депутат.

Ал жылына 52 окуу жайдан 40 миңге жакын студент адис болуп чыгарын кошумчалады.