БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында болгон тойдон кийин Республикалык инфекциялык ооруканага 151 адам кайрылганын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Санитардык-эпидомиологиялык борбордун башкы дарыгери Артур Буюкляновдун 2-апрелдин саат 8.00гө карата берген маалыматына ылайык, тамактан ууланып 89 адам ооруканага жактырылган, анын ичинен 19у — жаш балдар. Ал эми 50 киши (анын 10у — жаш балдар) дарыгерден жардам алып үйлөрүнө жиберилген.
Ал эми министрликтин Ысык-Көл облусундагы координатору Эсенбек Сатылканов ооруканага 12 адам кайрылып, анын 10у жаткырылганын белгиледи. Баары башы айланып, ооруп, көңүлү айнып, өзүн начар сезип келишкенин билдирген. Айрымдарынын дене табы көтөрүлүп, ичи өткөн.
Белгилей кетсек, 31-мартта тойгон келген коноктор балык жана тоок этинен ууланганы божомолдонуп жатат.
Окуяга байланыштуу шаардык Санитардык-эпидомиологиялык көзмөлдөө борбору текшерүү жүргүзүп жатат. Тойго Ысык-Көл, Нарын жана Ош облусунан 190дой мейман келген.