Бишкек мэриясы маршрутка көйгөйүн кантип чечип жатат. Вице-мэрдин жообу

Камсыздандыруунун бир орун үчүн жылдык баасы — 136 сом. Эгер унаа шаарлар аралык каттамдарды аткарса — 204 сом.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Муниципалитеттин кызматкерлери маршрутка айдоочуларын ишке чыгууга үндөп жаткандыгын шаар жетекчисинин орун басары Геннадий Милицкий билдирди.

Борбор калаада маршруттук унаалар жүрбөй жаткандыктан, троллейбустар менен автобустар толуп калып, калаа тургундары аялдамаларда кете албай турушат.

"Мен азыр маршруткалардын токтогон жеринде айдоочулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Кырдаалды тактоодобуз", — деди Милицкий.

Бишкектеги маршрутканын айдоочулары эмнеге иш таштаганы белгилүү болду
Маршрутка айдоочулары 1-арелден баштап киргизилген милдеттүү камсыздандыруу боюнча нааразычылыгын билдирип жатышат.

Камсыздандыруунун бир орун үчүн жылдык баасы — 136 сом. Эгер унаа шаарлар аралык каттамдарды аткарса — 204 сом.

Ушу тапта маршрутка айдоочуларынын иш таштоосуна байланыштуу абал кандай болуп жатканына тексттик трансляциядан көз салып турсаңыз болот